Нарын облусунда жаңы окуу жылына даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева брифингде билдирди.
"Нарын облусу боюнча 142 мектепте жаңы 2020-2021-окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Санэпидемборборунун уруксаты болсо, 36 мектеп бүгүнкү күндө реалдуу окутууга даяр. Быйыл 1-класска 5 миң 764 окуучу келет деп күтүп жатабыз. Окуулар кандай тартипте башталаары азыр такталууда", - деди ал.
Анын айтымында, 142 мектептен 91 мектеп интернетке кошулган. 15 мектепти интернетке кошуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 6 мектеп географиялык жайгашуусуна байланыштуу интернет кошууга техникалык мүмкүнчүлүк жок.
"Азыркы учурда облуста 6 мектептин, 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Андан тышкары 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Жалпы облус боюнча курулуучу 11 объектке 41 миллион сом каржылоо ачылды", - деп кошумчалады Жаркын Ибраева.