Бишкекте Чыңгыз Айтматов менен Аалы Токомбаев көчөсүндө жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде Хонда Степ менен Nissan March унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Натыйжада 4 жаран жабыркап, 2 жаран Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Ал эми эки өспүрүм №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Бул факты боюнча эки унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.