Түптө жеңил унаа бакты сүзүп, 31 жаштагы жүргүнчү каза болду

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-август күнү саат 20:40 чамасында Түп районуна караштуу Балбай айылында катталган.

"Унаада эки адам болгон. Анда айдоочу күн батыштан чыгышка карай бара жатып, бакты сүзгөн. Кырсыктан 1989-жылы туулган жаран алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан