Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарында Чүй районунун Калыгул айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айылдагы эски мектеп 2 окуу корпусунан турат жана 150 окуучулук орунга эсептелген. Учурда мектептин дубалдарында жана шыптарында жаракалар кеткен. Мындан тышкары мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт.
"Региондорду өнүктүрүү биздин ишибиздеги артыкчылыктуу багыт катары саналат. Ушул сыяктуу мектептердин болушу алдыда дагы аткара турган иштер мол экендигинен кабар берет. Аталган мектеп Чүй районундагы эски имараттардын бири, ал эми балдар коңшу айылдардагы мектептерден билим алууга аргасыз болууда. Күз мезгилинин соңунда объект ишке берилип, балдар өзү жашаган аймактан билим алууга шарт түзүлөт деп ишенем", - деп билдирген премьер-министр.
Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган объекттеги курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин жыйынтыктоону тапшырды.