Биз социалдык тармакта

Президент Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо системин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын үлгүсүндө саламаттыкты сактоо системин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оорукананын директору Залкар Баймуратов эки шаар жана 13 айылдык аймактын же райондун 105 айылынын жашоочуларына медициналык кызмат көрсөтүлөрүн маалымдады.

Ооруканада медициналык кызмат көрсөтүү боюнча санариптик ыкмалар ийгиликтүү ишке киргизилген, бейтаптарды кабыл алуу, дарт баяны, дарыгердин багыттамасы, анализдердин жыйынтыгы, иликтөөлөр жана башкалар электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул чаралар жарандардын убактылуу чыгымдарын сезилерлик азайтууга мүмкүнчүлүк берет жана алар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат.

Мындан тышкары коронавирус пандемиясы шартында көрсөтүлгөн ооруканада жарандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттар түзүлгөн, дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын кору бар.

Медицина кызматкерлери менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков ушундай алыскы Кадамжай районунда аймактык оорукананын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча оң натыйжаларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент өлкөнү санариптик трансформациялоо мамлекеттик саясатынын алкагында саламаттыкты сактоо системинин санариптештирүү өзгөчө орунга ээ экендигин белгиледи.

Санариптештирүү боюнча чаралар калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын деңгээлин жогорулатууга жана тутумду башкаруунун ачыктыгын камсыз кылууга багытталгандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчы ошондой эле акыркы эки жылда санариптештирүү саясатын ишке ашыруунун натыйжасында, БУУнун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлегендигин канааттануу менен белгиледи.

Баарлашуунун соңунда президент аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик ыкманы киргизүү артыкчылыктуу багыт болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2020-08-12 18:21:35
Түштүктөн башка жака барбайбы президент
+1
Sabyr_Baymatov
2020-08-12 20:08:35
Kuban-1207, Жакында эле Талас менен Ысык-көлгө барды го
0
Kuban-1207
2020-08-12 18:22:54
Ат башыга эмне үчүн барбайт
0
O.dembele
2020-08-12 19:20:39
Ошонун ордуна жаны ак-уй курбайбы
0
milan-707
2020-08-12 22:14:32
Эртен барат азыр айтып койом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан