Чүй облусунун Токмок ШИИБинин тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин кызматкерлеринин катышуусундагы жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан убакта тергөөчүсү К.И. кармалган.
"Тергөөчү шектүүнүн кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн пара талап кылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши башталды", - деп жазылат маалыматта.