Президент Баткен чек арачылары үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөө ишине катышты

Бүгүн, 12-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө биздин чек араны кайтаргандарды колдоону улантарын айтты.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев турак-үйдүн курулушу Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн каралгандыгын билдирди.

Кызмат имараты үч кабаттан туруп, 24 батирге ылайыкташкан.

Жогоруда аталган үйдүн курулушу аяктаган соң татаал шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери ыңгайлуу турак-үй менен камсыз болушат.

Мамлекет башчы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды.

Алар менен баарлашып жатып Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айтып, кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан