Нурбек Осмонов: "Өндүрүш объекттерин түзүүдө "Каганат Холдинг" экономиканы өнүктүрөт жана жаңы жумушчу орундарын түзөт"

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Баткен облусундагы келечектеги өндүрүштүк-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана чет өлкөлөргө кургатылган жемиштерди экспорттоо үчүн өрүктөрдү кайра иштетүү менен алектенет. Бул ири долбоор "Каганат инвест" холдинги тарабынан гана каржылоонун ички булактары аркылуу ишке ашырылууда. Жалпысынан Баткенде заманбап өнөр жай комплексин курууга 8 жарым миллион доллардан ашык каражат жумшалат.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкерликти колдоо экендигин дагы бир жолу белгиледи.

"Инвестор Нурбек Осмонов Баткендеги өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууну баштоо боюнча менин сунушума жооп берди. Эгерде жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп, жер бөлүп берсе, анда инвесторлор ал жерлерге өздөрү эле келишет. Мындай ишкерлерди биз өлкөнүн "алтын фонду" катары баалашыбыз керек", - деди президент.

"Каганат инвест" холдингинин башчысы Нурбек Осмонов логистикалык борбордун ачылышы Баткенде фермерлер менен багбандар мындан ары өз продукцияларын сатууда көйгөйлөр болбой тургандыгын билдирди.

"Алар чет өлкөлөрдөн сатып алуучуларды издөөгө муктаж болбойт. Бул түшүмдү жыйноодогу жана сактоодогу анын чачылып, азайып кетүүсүнөн коргойт. Бул сыяктуу айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар Кыргызстандын бардык облустарында ачылышы керек. Муну менен биз ата мекендик өндүрүштүн кайра жанданышына жана Кыргызстан боюнча жаңы иш орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөбүз", - деп белгиледи Нурбек Осмонов.



Мындан тышкары Баткен облусуна бардык зарыл болгон инфраструктура менен тигүү фабрикасы курулат. Ал эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берет. Тигүү фабрикасы толук кандуу ишке киргенде 1 000 (бир миң) жумуш орду түзүлөт. Долбоордун жалпы баасы 6 миллион долларга чейин бааланууда.

"Каганат инвест" холдинг бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Жакында эле Ош облусунда "Кыргыз унаа" заводунун биринчи баскычы ишке кирди. Учурда ал жерде электр жабдууларын, электр эсептегичтеринен баштап, ГЭСтин турбиналарына чейин чыгарат. Азыр компания биринчи ата мекендик электр автобусунун прототибин иштеп чыгууну аяктап жатат.

Ошондой эле Оштон алыс эмес жерде "Кыргыз Текстиль" ири ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Ал пахтаны кайра иштетүүчү кластер болот. Өндүрүш цехтери өсүмдүк майын, кездемелерди чыгарып, кийим тигүү менен да алек болушат. Келечекте булгары боюнча жана бут кийим чыгарган фабрикаларды ачуу пландалган.
Жалпысынан "Каганат инвест" холдингине кирген ишканаларда бир нече миң жумуш орундар түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан