Биз социалдык тармакта

Сооронбай Жээнбеков: "Чек араны кайтаргандарды колдоо уланат"

Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлерин, өзгөчө чек араны кайтаргандарды колдойт.

Бул тууралуу президент кечээ, 12-августта Баткен облусундагы чек арачылар менен жолуккан учурда айтканын аппараттан билдиришти.

"Мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө биздин чек араны кайтаргандарды колдоону улантат", - деп билдирген Жээнбеков чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышып жатып.

"Ажобуз курулуштун пайдубалын түптөөгө катышты. Соңунда аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды", - деп билдирди мекеме өкүлү.

Бүгүн, 13-августта Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарын улантып, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bbek
2020-08-13 08:42:19
Чек арачылардын маянасына кошуу керек ото аз
+2
talaa11
2020-08-13 09:35:46
Чекара кайтаргандарга буйрук берин Тажиктер бир ок атса силер мин ок аткыла деп
+3
Flowhive
2020-08-13 23:49:04
Коррупцияны айтып чыккан офицерлер өлүп жатса,ошол кандай колдоо?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан