Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилер сүрдүрүлүп жатат

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

"Бул жолу П.Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташталган 40 тонналык контейнер алынды. Элебесов көчөсү, 316 дарегиндеги "Той-Ордо" кафесинин мыйзамсыз тургузулган дубалы түрттүрүлдү. Ошондой эле Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрүндөгү бал муздак, муздак суусундуктарды саткан түйүндөр, күркө жана киосктор, жалпысынан 12 объект алынып салынды.

Табышалиев көчөсүндөгү 16-үйдүн кошумча курулушу алынып, 35 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Аталган үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес", - деп билдирди мекеме өкүлү.

Бишкек шаарынын мэриясы эгерде туура эмес жерге же мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңүз 0(312) 97 51 22 номерине чалууңуздарды өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2020-08-13 09:31:52
Туура кыласынар Шаарыбызды иретке келтириш керек бардак кылбай
+2
samarbek.88
2020-08-13 12:45:10
карапайым элдикин бузат булар чиновниктердикине тийе албайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан