Биз социалдык тармакта

Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою өткөн тойканага айып салынды

Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою болуп өткөн "Сары Челек" тойканасынын администрациясы айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Негизи той, куран окутуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынган. Тойду 10-20 адамдын катышуусунда да өткөрүүгө болбойт. Ал эми аталган "Сары Челек" тойканасы той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын "бузуулар" жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык ("чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу") 3 миң сом айып пул салынды", - деп билдирди Амангелдиев.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга төкмө акындын кызынын үлпөт тоюндагы сүрөттөр жарыяланган. Бул көрүнүш айрым интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Анда социалдык тармактын айрым колдонуучулары "эмнеге кээ бирине той өткөрсө болот да, башкаларга болбойт?" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.

13.08.2020. Күн ичиндеги орун алган урунттуу окуялар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
-adam
2020-08-13 10:10:22
Аа жакшы эле
3 мин сом ничего го мындай тойканаларгв
+10
aiba_00
2020-08-13 10:16:25
3 минди берип коюп той откоро бергени жакшы да,30 000 мин десе да бир жон.
Айып пулдун санына кулку келтирерлик го.
+18
algakaray
2020-08-13 10:16:41
Эми атаандашпай эле койгула башкалар берсе болот биз берсек болбойбу деп аткандар. Кантсе да Элмирбек байкебиз мн Гулбубу эжебиздин тукумдары. Экоо тен кыздарынын тойундо болсо болмок аттин! Бактылуу болушсун, ата энесинин ордун бассын деп тилек кылалы!
+6
aerforce
2020-08-13 10:34:15
3000 берип той откоро берсе болот экенда бир столдун акчасын берет экен азыркы тойканалар бир адамга 3000
+3
muslima-0788
2020-08-13 10:38:03
Жерге тукурсо 5500 эле го.Адамдын кулкусун келтирбегилечи 3000 деп.Карапайым калк болсо 3000 дебейт эленер.Билесинер силер дагы кимдерди тебелешти
+3
Talantmarsel
2020-08-13 10:44:12
300 миң салуу керек ошондо кийин ойлонуп иш кылат өзү негизи той маарекеге бир законго киргизип баары тегиз бирдей өткөрүү керек андан көрө ошол акчаны эки жашка берсин
+3
Perfekt
2020-08-13 15:59:27
3000 som oto ele az go
+1
Shef87
2020-08-13 21:33:25
Тойканаларды байытпай үйдө той кылып ашыкча чыгымды кыскартканды үйрөнөлү эми туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан