Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 310 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, 17-июлдан баштап оорунун саны азайып баштаган.
Бишкек шаары - 99;
Ош шаары – 16;
Чүй облусу – 15;
Ош облусу - 35;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу - 55;
Жалал-Абад облусу - 54;
Баткен облусу - 19.
COVID-19 жана пневмония оорусу аныкталгандардын жалпы саны 41 миң 69ду түзөт.