Биз социалдык тармакта

Акыркы суткада 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 10 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Алар:
• Бишкек шаары – 2;
• Ош шаары – 2;
• Баткен облусунда – 3;
• Жалал-Абад облусунда – 2;
• Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 6 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медкызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 2 миң 991 учур катталды. Алардын ичинен 2 миң 271 медкызматкер айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан