Бүгүн, 16-сентябрда Венгрияда өтүүчү күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы күнүндө килемге чыкчу кыргызстандык балбандардын атаандаштары белгилүү болду. Биринчи беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө, финалдык беттештер саат 23:00дө башталат. Бүгүн килем үстүнө 55, 66 жана 96 килограмм салмактагы балбандар чыгат. Бул салмакта күрөшө тургандар:
55 килограмм салмакта
Алтынбек Алымбаев (Кыргызстан) - Брэндон Хесус Эскобар Амадор (Гондурас)
66 килограмм салмакта
Улукман Маматов (Кыргызстан) - Михаил Сава (Молдова)
96 килограмм салмакта
Алексей Крупняков (Кыргызстан) - Дэниел Жеймс Бергман (АКШ)