
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында жайгашкан "Тоскоол ата" мечитинин имамы
Курманбек Акматалиев жергиликтүү эл үлгү алчу ишти өзү баштап берди. Ал каза болгон байбичесинин жылдыгын өткөрүүгө сарпталчу 15 миң сомду ооруканага берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Элдин саламатчылыгы үчүн күн-түн дебей өмүрүңөрдү тобокелге салып кызмат кылып жатасыздар. Мен дагы ооругандарга жардам берүүнү максат кылып, байбичемдин жылдыгына чыгымдоочу каражатты сиздерге тапшырууну туура көрдүм. Себеби сооп табуунун түрлөрү аябай эле көп чынында. Бирок биз тамак-аш тартуулоону гана адатка айландырып алганбыз", - деген имам.
Былтыр ушул маалда анын байбичеси дүйнө салган эле. Анын жылдыгына эл чакырып, дасторкон жайып чакыруунун ордуна Ноокен райондук ооруканасына 10 миң сом жана айылдык ФАПка 5 миң сом акчалай түрүндө жардам берип, буга кеткен соопту байбичесине багыштады.