Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыя алуучуларга 5 жарым миллиард сомдон ашык насыя берген

Мамлекеттик ипотекалык компания жалпысынан 4 миң 700дөн ашык ипотекалык насыя беришкен. Берилген насыянын жалпы көлөмү 5 жарым миллиард сомдон ашыгын түзөт. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын директору Эльмира Абжапарова жыйын учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө 16 миң үй-бүлө ипотекалык насыялардын эсебинен жеке турак жайга ээ болушту", - деди ал.

Мындан тышкары компания өз ишин республиканын алыскы аймактарында да баштагандыгын белгиледи.

"Жарандарга жардам катары насыянын пайыздык чени 1 пайыздуу пунктка азайтылган. Пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык 8-10 пайыздан 7-9 пайызга чейин азайды (башкы төлөмгө жараша). Андан сырткары "Жеке турак-жай куруу" механизмине ылайык, пайыздык чендер жылдык 8-12 пайыздан 7-11 пайызга чейин азайды (курулуш мезгилинде жылдык 11 пайыз). Ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү - турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун маанилүү чараларынын бири", - деди Абжапарова.

Ошондой эле ал аймактардагы ипотекалык насыяларды "Кыргызстан", "РСК" жана "KICB" өнөктөш банктардан алууга болот деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2020-08-13 16:24:26
Жонокой жарандарга берилбейт.Кайра эле чондор алышат мындай кредитти.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан