Биз социалдык тармакта

Ырчы Самат Дөөлөтбаков алып баруучу Артур Цветковго кайрылып: "Сени депортациялайм дегидей сиз кимсиз?"

Ырчы Самат Дөөлөтбаков Кыргыз жараны менен чырдашкан орусиялык алып баруучу Артур Цветковго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жолдоду.

"Сени депортациялайм деп абдан катуу сүйлөдүңүз. Сиз кимсиз мигрантты депортациялоого? Федералдык миграция кызматынын ролун аткарбаңыз. Өзүңүздүн профилиңизде көрсөтүлгөндөй, коомдук ишмер эч качан "сиз менин ким экенимди билесизби?" деп кыйкырбайт. Бул сиздин чоң комплекстерге ээ адам экениңизди көрсөтүп турат. Бул жигиттен кечирим сураңыз, антпесеңиз биз тынчтана албайбыз", - деген билдирүүсүн калтырган.

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган.

Мындан кийин Артур Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда ал өзүнүн пикиринде каларын жана иш полицияга өткөрүлүп берилгенин кабарлаган.

Ырчы Самат Дөлөтбаков Кыргыз жараны менен чырдашкан телеалпаруучу Артур Цветковго кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulzat85
2020-08-13 14:07:27
Азамат Самат!!!
+13
Begimkyz
2020-08-13 14:17:47
Инстаграмына кирип жалоб басып койгула, хайп жасап атат тирик.
+11
NSKA
2020-08-13 14:20:29
Самат аябай маданияттуу жигит, азаматсыз!
+11
Talantmarsel
2020-08-13 15:58:09
Кыргыздын духу күчтүү азамат Самат сага дух бергенге бул орустуку туура эмес ак ийилет бирок сынбайт дейт го бизде байлык бийлик күчтүүбү же чындыкбы албетте ак чындык күчтүү в чем сила сила в правде а не денгах дейби азамат Азамат адамгерчилик кылыптырсың уважаю
+9
aida007
2020-08-13 16:05:12
Самат азаматсын
+6
Paol
2020-08-13 17:20:55
Респект!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан