ГЭС-5 айылында эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 айылында эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-августка караган түнү саат 03:00дө орун алган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча Honda Odyssey унаасы карама- каршы жолго чыгып кеткенге байланыштуу Volkswagen Passat унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада Volkswagen Passat унаасынан 2 адам, Odyssey унаасынан бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан