Биз социалдык тармакта

"Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу". Орусиялык теле алып баруучу мигрант менен чырдашкан Цветков тууралуу үн катты

MTV-Россия каналынын жетекчиси Яна Чурикова Орусияга Кыргыз өлкөсүнөн барган мигрант менен теле алып баруучу Артур Цветковдун ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу оюн айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жайгаштырды.

Чурикованын айтымында, ал бул билдирүүнү айтып коюуну туура көргөн. Себеби бул конфликтте телеканалдын атына доо кетип, аларга Цветковго чара көрүүнү суранып кайрылышып жана колдонуучулар чырга тиешелүү посттордо каналдын атын белгилей башташкан.

"Башында биз эч кандай реакция кылган жокпуз. Анткени Артур Цветков 2006-жылдан бери биздин телеканалда иштебейт. Андан кийин жаңжал күнүмдүк деңгээлден улут аралык деңгээлге көтөрүлө баштады. Мындан улам биз каналдын жана менин жеке позициямды билдирүү керек экенин түшүндүк. Айта кетчү жагдай, чоң адам жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө сала алышы керек", - деген Чурикова.
Мындан тышкары теле алып баруучу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу" деген учкай сөзүн мисал келтирген.

"MTV ар дайым басмырлоонун жана агрессиянын ар кандай түрлөрүнө каршы. MTV тынчтык жана өз ара урматташууну каалайт", - деп кошумчалаган Чурикова. Ал Артур Цветковдон социалдык түйүндөгү баракчасынан бул каналда иштей турганы жазылган маалыматты өчүрүп салууну талап кылган.

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган.

Мындан кийин Артур Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда ал өзүнүн пикиринде каларын жана иш полицияга өткөрүлүп берилгенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gulmi
2020-08-13 15:47:46
Азамат,адам экенин далилдеди.Кандай болгон кундо да акырын суйлоп чечишуу керек.
+11
Krai
2020-08-13 16:03:39
Түзүк
+7
i1urp
2020-08-13 16:07:50
Айтматов биз пайгамбар, туу тута турган алп адам.
-13
yomaHA
2020-08-13 16:11:49
i1urp,
0
Paol
2020-08-13 23:40:13
i1urp,амей кокуй дагы бир жолу ойлонуп анан жазыныз
+3
satyke
2020-08-13 16:51:08
MTVде иштебесе каякта иштегенин аныктап туруп ошол жактын чондоруна арыз таштай бериш керек. Расизм менен айыптап.
+3
assanov97
2020-08-13 18:05:31
satyke,нацизм
+1
satyke
2020-08-14 00:30:15
assanov Артур Цветков озунун улутунун башка улуттардын алдында артыкчылыгын айтып кыйкырган жок.(нацизм).Ал кээ бироолорду "жогорку",кээ биролорду "томонку" расаларга болуп атат. (Расизм). Так что я вполне правильно сформулировал свои мысли.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан