Билим берүү жана илим министрлиги этникалык кыргыздар Кыргыз өлкөсүнүн жогорку окуу жайларына акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт.
Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.
Кыргыз өлкөсүндө турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздар үчүн каралган ЖОЖдордун жана багыттардын тизмесин бул жерден жүктөп алсаңыз болот Жождордун жана багыттардын тизмеси.docx.
Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат.
Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч., 257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519.
Ошондой эле документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: icipd.moes@gmail.com
"Толук эмес жана кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жөнөтүлгөн документтер каралбайт!" деп баса белгилешти министрликтен.
Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Элчиликтери жүргүзөт.
Документтер 2020-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.
Кабыл алуу убактысы – 14:00дөн баштап, 16:00гө чейин.
Кошумча маалыматтар үчүн Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көч. 6-проезд, 30-үй. Тел.: +998 712374796, +998 909009214, электрондук дареги: kgprotocol.uz@gmail.com.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2020-жылдын 5-сентябрына чейин.
Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., С.Носиров көч., 56 «А» үй. Тел.: +992 887782223, электрондук дареги: kg@kgembassy.tj.
Пекин ш., 10/11 King's Villas 18, Xiaoyun Road, 100016, тел.: +86 0106468 1297, электрондук дареги: kyrgyz.embassy.china@gmail.com.
Документтер 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алынат.
Анкара ш., Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450. электрондук дареги: b.bakytbek@mfa.gov.kg.
Кошумча маалыматтар үчүн: Тел.: +90 312 4913506, +90 312 4913507.