Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министрлигине 7 "Тез жардам" унаасы берилди

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарында Эл аралык "NAMA" уюмунун демөөрчүлүгү менен 7 "Тез жардам" унаасы саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Заманбап медициналык техникалар менен жабдылган 7 "Тез жардам" унаалары атайын заводдон буюртма менен сатып алынган. Алардын экөөсү портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдыкталып, реанимация стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Унааларды тапшыруу аземине вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, "Ассанабил" ККФнун президенти Саид Баюми жана башкалар катышты.

Эскерте кетсек "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттыкты сактоо тармагына 4 ИВЛ аппараты, 10 миң медициналык бет кап, 2 миң респиратордук бет кап жана 100 миң кол каптарды берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond
2020-08-13 16:17:13
Газель заводдон чыкканда уже бузук чыгат.
0
Senator
2020-08-13 19:39:23
Ээ бул газельди айдай берип бузула берет ар куну. Хоть жанысыда((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан