Сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелип жаткан Түркиянын жараны Кыргыз өлкөсүндө кармалды

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.О. кармалды.

Кармалган адам процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алынган маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Ошондой эле дагы бир издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын жараны Х.Ч. кайда жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч. Кыргыз өлкөсүнө 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-08-14 06:49:22
Кыргызстан наш общий дом!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан