Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Жалал-Абад шаарына барып, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ички жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди куруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун аткарылышы, парк зоналарын көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча маалымат берди.
Ошондой эле, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу башка долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын ичинде санариптештирүү жөнүндө айтып берди. Мындай долбоорлордун ичинде Жалал-Абад шаарындагы № 6 бала бакчанын жаңы имаратын куруу бар.
Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин дээрлик жарымынан көбү жасалып, мектепке чейинки мекемени үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Сооронбай Жээнбеков жер-жерлерде инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоонун жаңы объектилерин куруу, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында башка долбоорлорду ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турганын белгиледи.
Буга байланыштуу мурда пландалган бардык долбоорлордун сапаттуу жана убагында аткарылышына кылдат көңүл бурууга чакырды.
Өлкө башчы мамлекеттик саясаттын башка артыкчылыктуу багыттарынын катарында балдарды социалдык жактан коргоону эске салды. Ошону менен бирге президент мамлекеттик түзүмдөр социалдык-экономикалык жана башка маселелерди чечүү менен катар, баланы тарбиялоо жана өстүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү унутпоо керектигин баса белгиледи.