Кыргызстандык футболчулар Түркмөнстан Президентинин Кубогу үчүн өтүп жаткан мелдештин жарым финалына жолдомо алышты. Чечүүчү беттеште Кыргызстан Иран командасы менен беттешип 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Эске салсак, мелдешке Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Кувейт, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн 17 жашка чейинки футболчулар катышууда. Ал эми кыргызстандык футболчулар 17-сентябрда финалга чыгуу үчүн Орусия командасы менен беттешет.