Биз социалдык тармакта

Журналист Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине суракка чакыртылды

Кактус.медиа маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине суракка чакыртылды. Маалыматты журналист өзү тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Кечээ, 12-август күнү кечки саат 22:00 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкери мага телефон чалып, эртең суракка чакыртылып жатканымды айтты. Мен ага өтө кеч убакта чалып жатканын айттым. Бүгүн дагы эки кызматкер телефон чалышты. Мен баарына тең официалдуу түрдө чакыруу баракчасын алып келгенде гана бара турганымды айттым. Азыр мага чакыруу кагазын таштап кетишти. Эртең, 14-августта саат 10:00гө суракка барам. Сурак Ош шаарындагы карантин убагында той өткөн "Баястан" рестораны боюнча экен", - деди журналист.

Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-08-13 23:22:04
Не кылыптыр эле озу? Кандай журналист экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан