Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Теңдик айылында Чу дарыясына 7-августта 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Бүгүн саат 09:00дө издөө иштерин улантуу максатында жалпы 25 куткаруучу тартылды.