Бишкекте туристтик компаниянын жетекчиси борбор калаанын жашоочусун 126 миң сомго алдап кетти делинип, шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү Б.М. аттуу аял 2020-жылы январда Бөкөнбаев көчөсүндөгү "Альянс" кеңсесинде Египет өлкөсүнө саякаттоого убада кылган кишиге 126 миң 288 сом берген. Андан кийин ал жаран жоголуп кеткен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "алдамчылык" боюнча тергөө иштери башталган. Шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалып, 12-октябрга чейин үй камагына алынган.
Учурда шектүү ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.