Иран Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Кыргыз мамлекетине коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүгө жиберген достук өлкөнүн гуманитардык жардамынын экинчи партиясы медициналык жабдыктардан (ИВЛ, термометр жана пульсоксиметр), ошондой эле COVID-19 илдетин аныктоочу каражаттардан (ПЦР-тест жана ИФА-анализ) турат.
Иран тараптан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам бул өлкөнүн өкмөт тарабынан сыноодон өткөрүлгөн коронавирус менен болгон кыйынчылыктарга карабастан, эки мамлекеттин ортосунда өз ара колдоого негизделген жылуу бир туугандык мамилелердин бар экендигин айгинелейт", - деп жазылат маалыматта.