Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, Түркмөнстандын Ахал облусунун башчысы Язмухаммет Курбанов менен видео байланыш аркылуу маектешти. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тараптар эки мамлекеттин көп жылдык алакасын, достук, жакын мамилесин сыймыктануу менен белгилеп, мамлекеттер аралык кызматташууну улай, Баткен жана Ахал облустарынын кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Алишер Абдрахманов жана Язмухаммет Курбанов ар тараптуу кызматташууга кызыкдар жана даяр экендиктерин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүштү.
Жетекчилер бири-бирине бекем ден соолук, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалашты.