Биз социалдык тармакта

Ошко Санкт-Петербургдан Кыргыз жарандары учуп келди

Бүгүн, 14-августта "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Санкт-Петербург -Ош" багыты боюнча Орусиядан 157 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке кайрылууларынын негизинде Санкт-Петербург шаарында жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара аракеттешүү ыкчам штабында комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-adam
2020-08-14 23:34:15
Кантип,кайсыл жака катталат?
Билгендер айтып коюнуздарчы
0
Nurelmadina
2020-08-15 16:38:05
-adam,консулга кайрыласын Азамат деген кишиге алличкага жазам номерин мен да келдим
+1
zenit1111
2020-08-15 22:06:25
Nurelmadina,Саламатсызбы,бизге дагын жазып коёсузбу сураныч,Азамат деген кишинин номерин биз да Питерде элек,рахмат алдын ала!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан