Бүгүн, 16-сентябрда мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ачкачылык кармап баштады. Муну Акун өзү билдирди. Анын мындай кадамына кызматтан мөөнөтсүз бошоп калышы себеп болду. “Ачкачылык кармоону саат 11:00дө баштадым. Мени акыйкатчылык кызматтан мыйзамсыз бошотушту, бул ишке байланыштуу сот 20-сентябрда болот. Ал эми Жогорку Кеңеш соттун чечимин күтпөстөн, 19-сентябрда жаңы акыйкатчы шайлай турган болууда. Менин эки талабым бар. Биринчиси - Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна тиешеси бар деп мени күнөөлүү кылып коюушту. Бул ишке бир топ органдар катышкан, ага күнөөлүү адамдар кызматтарынан бошотулсун. Экинчиси - Жогорку Кеңеш тарасын деген талап. Анткени бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш буйрукту аткарууда”,- дейт Акун.