Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматовду туулган күнү менен ФИФА жана АФК президенттери куттукташты

ФИФА президенти Жанни Инфантино жана АФК президенти Шейх Салман Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматовдун туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдирди.

"Бул өзөчө күнүңүз бакытка курчалсын, баарыбызды бириктирген оюндун келечеги үчүн бирге иштей берели. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, футбол үчүн кызмат өтөп жаткандыгыңызга, Кыргыз өлкөсүндө бул оюнду жайылтып, өнүктүрүп жаткан эмгегиңизге ыраазычылык билдирем. Үй-бүлөңүзгө, досторуңузга жана жакындарыңызга чың ден соолук каалайм. Сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм", - деп жазат куттуктоо сөзүндө ФИФА президенти.

"Бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм. АФКнын жана жалпы Азиянын футболдук үй-бүлөсүнүн атынан өлкөңүздө жана биздин континентте футболду өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандыгыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бактылуу көз ирмемдер көп болсун, албан ийгиликтерди каалайм", - деп куттуктайт Шейх Салман.

Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов 1974-жылы 15-августта Ош облусунда туулган.

2001-жылы Индияда Махатма Ганди атындагы илим жана искусство колледжинде "Коомдук башкаруу" багыты боюнча магистратурада окуган.

2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "экономика" адистиги боюнча магистратураны бүткөн.

Эмгек жолу:

"Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) футбол командаларында жана "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" ардагерлер командасында ойногон.

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы;
1999-жылы аскер кызматын өтөгөн;
2003-2005-жылдары ACDI/VOCA жана USAID бирикмелеринде мобилизациялоо боюнча эксперт;
2005-2006-жылдары S2 Research and Engineering казак-британ компаниясынын директору;
2006-жылы Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл-кыштактагы калкты колдоо" долбоорунун аймактык директору;
2007-жылы "Жумуш менен кымсыздоо саясатын иштеп чыгууга жардам көрсөтүү" долбоорунун жетекчисинин орун басары;
2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин фракция лидеринин жардамчысы;
2009-жылдан бери ишкерлик менен алектенет;
2014-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Футзал федерациясынын президенти;
2016-2019-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясынын вице-президенти.
2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси чини бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан