Бүгүн, 15-августта Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусиядан келген ак халатчандарды Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине алып барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкортостандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов башында турган бир катар медицина кызматкерлерин жазуучунун уулу Элдар Айтматов өзү тосуп алып, үй музейи менен тааныштырган.
Дарыгерлер коноктор китебине жылуу пикирлерин калтырып, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун чыгармачыл дүйнөсүнө баш бакканына кубанып жаткандыгын жазышкан.
Белгилей кетсек, 21-июлда Орусиядан коронавирус менен жабыркагандарга жардам берүү максатында 20 медицина кызматкеринен турган алты бригадалык топ келген.