Нарын шаарындагы жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы эксперименттик тез тургузулган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери толук кандуу жүрүүдө.
"Бүгүнкү күндө объект боюнча пайдубалдын траншея казуу иштери 75 пайызга аткарылган. Ал эми гравий менен тыгыздоо - 65 пайызга жана пайдубал куюу иштери 23 пайызды түзгөн.
Белгилей кетсек, объектинин жалпы аянты 2 миң 19 чарчы метрди түзөт, долбоор боюнча 430 чарчы метр пайдубалдын көлөмү талап кылынат.
Бардыгы болуп 50 жумушчу жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган", - деп айтылат маалыматта.