Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Манас" Эл аралык аэропорту 15-августта "Урал Авиалиния" авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан дагы 162 жаран кайтып келген, алардын арасында жаш балдар да бар.