Ошко келген орусиялык дарыгерлер тобу мекенине кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Малыматка ылайык, аларга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан ыраазычылык билдирилип, атайын белектер берилген.
"Вице-мэр Эмил Шадыханов Орусиядан келген дарыгерлер коронавируска каршы күрөштө жардам бергенин жана тажрыйба алмашуу натыйжалуу болгонун билдирди. Дарыгерлер шаардагы изоляцияларда иштешкен", - деп айтылат маалыматта.
16 медицина кызматкерлеринен турган дарыгерлер тобу 24-июлда Оштогу коронвирус менен ооругандарга жардам берүү үчүн келишкен.