Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "Сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөрдүн сөөгүн издөө иштери уланууда"

Сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөрдүн сөөгүн издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматынан кабарлады. Ага ылайык, кечээ, 15-август күнү Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз киши түшүп кеткен. Бүгүн саат 07:00дө издөө иштерин улантуу максатында жалпы 21 куткаруучу тартылган.

Ал эми 7-августта Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Теңдик айылынын жашоочусу 2013-жылы туулган бала Чу дарыясына чөгүп кеткен. Бүгүн саат 08:30да издөө иштерин улантуу максатында жалпы 23 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан