Биз социалдык тармакта

Ошто жер титирөө катталды

Кечээ, 16-август күнү кечинде Ош облусунун Өзгөн районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-августа саат 22:27де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Ийрек, Түз-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан