Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бала табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-август күнү Ленин РИИБине шаар тургуну кайрылып, 6 жашар уулу Ак-Өргө конушунан дайынсыз жоголуп жатканын айтып арызданган.
Милиция кызматкерлеринин издөө иштеринин натыйжасында Ак-Ордо конушунан изделип жаткан бала аман-соо табылган.
Ал ата-энесине өткөрүлүп берилген. Милиция кызматкерлерине табылган баланын ата-энеси ыраазычылыгын билдиришкен.