Баткен облусу Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында Хюндай Портер жана ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган жана 1979-жылы туулган 2 эркек киши жабыркаган.
ӨКМнын №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.