Бишкектин Биринчи Май районунда 16-август күнү Чоң Чүй каналына эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чөгүп кеткен кишинин аты-жөнү такталууда.
16-август күнү издөө иштерине ӨКМнын №1 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. Бүгүн, 17-август күнү да издөө иштери улантылат.