Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча Салык кызматынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилигине байланыштуу бир катар кылмыш иштери боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
"14-августта Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору кармалган. Ал бийликтин өкүлү катары "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын тендерлерине катышкан жана айрым компаниялар менен байланышкан коррупциялык схеманын иштешинде негизги ролду ойногон. Шектүү кызматкер М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 15-августта Биринчи Май райондук соту кызматкердин баш коргоо чарасын карап чыгып, камакка алуу түрүн тандап алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.