Кечээ, 16-августта Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа аялды сүзүп кеткен. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 00:00 чамасында болгон.
"Белгисиз унаа жашы болжол менен 30-35тер курактагы аялды сүзгөн. Ал алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерде каза болгон. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.