Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды (өмүр баяны)

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Өкүл тууралуу буйрук менен жамаатты вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды. Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеп келген.

Өмүр баяны

Байыш Юсупов 1957-жылы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн.

1979-жылы Орусиянын "Иванов" текстиль жана жеңил өнөр-жай институтун, инженер-технолог адистиги, 2003-жылы Ош технологиялык университетин бухгалтер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн. 2012-жылы "Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көтөрүү" деген темада диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгек жолу:

1979-1988-жылдарда "Октябрдын 50 жылдыгы" атындагы Ош пахта комбинатында (ХБК) катардагы кызматкерликтен, өндүрүштүн жетекчисине чейинки кызматтарда иштөө менен башталып, 1988-жылы Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде бөлүм башчы;

1989-1993-жылдарда Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору;

1993-2009-жылдарда "Ак-Алтын" АКсынын жетекчиси;

2009-2012-жылдарда Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрация башчысы-акими;

1990-2013-жылдар аралыгында Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы;

2013-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенген.

2001-жылы Кара-Суу районунун социальдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын "Данк" төш белгиси менен сыйланган. Футбол боюнча спорттун чебери, Кыргыз өлкөсүндө бир канча жолу чемпион жана вице-чемпион болгон, эл аралык ареналарда өлкөнүн намысын коргоп келген "Жаштык-Ак-Алтын" футболдук командасынын негиздөөчүсү.

Кыргыз, орус жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан