Биз социалдык тармакта

Кол чатырды камдаңыз... Эртең өлкө аймактарында жаан жаашы күтүлөт

Эртең, 18-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25°.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 24…29°, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 14…19°. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында 18-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15, күндүз+ 23 градус болот.

17.08.2020. Соңку күн ичиндеги жаңылыктар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sainazarov0555
2020-08-17 16:01:40
Зима близко :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан