Жалал-Абад ШИИБи "Кайырчы" аталышындагы рейд өткөрдү. Анда улгайган адамдын кейпин кийип, тилемчилик кылган 20 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Тилемчилик кылып жүргөн кайырчылар коомго терс маанай жараткандыктан, жарандар арасында нааразычылыктар күч алууда. Жогорудагыларды эске алуу менен Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери "Кайырчы" аталышындагы рейд уюштуруп, кайырчылык менен алектенгендерди аныкташып, аларга түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет. Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан өткөн аптада жүргүзүлгөн рейдде тилемчилик кылган 16 жаран аныкталып, алардын ичинен 7си өспүрүмдөр экени такталды. Ошондой эле рейд учурунда коомдук жайларда, базардын ичинде улгайган адамдын кейпин кийип, кайырчылык кылган 20 жаштагы келин кармалды. Коомдук коопсуздукту сактоо багытында кайырчылардын өздүгү аныкталып, жашаган жерлерине жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.