Бүгүн, 17-августта коронавируска каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген 202 дарыгердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою кыргыз берметинин жээгинде "Алтын Жай" пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы. Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медицина кызматкери үчүн реабилитациялоо жана ден соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында өтүп жатат", - деп жазылат маалыматта.