Биз социалдык тармакта

Президент Индонезиянын президенти Жоко Видодону Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-августта президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын президенти Жоко Видодону Индонезия Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз мамлекети Индонезия Республикасы менен достук мамилелерди жогору баалайт жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бекемделе берет деп ишенем", - деген куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Жоко Видодого чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Индонезия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан