Биз социалдык тармакта

Аймактык салык органынын башкы инспектору кызматтан бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору А.М. кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Маалыматта "А.М. ишеничтен кеткендигине байланыштуу" кызматтан кеткендиги жазылган. "Кызматкерди кызматтан бошотууга "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен байланышкан бир катар кылмыш иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдүн алкагында УКМК тарабынан кармалышы негиз болду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан