Уурулукка жана өрт кырсыгын жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"17-августта Бишкек шаарынын Бейшеналиев көчөсүнүн тургуну К.С. аттуу жаран Милициянын кайгуул кызматына арыз менен кайрылган. Анда 17-авгутка караган түнү белгисиз жаран Чүй көчөсүндө жайгашкан "Бир Эки" аталышындагы дүкөндүн эшигин талкалап, ичинен арыз ээсине караштуу баасы 15 миң сом өлчөмүндө турган уюлдук телефондордун аксесуарларын жашыруун түрдө уурдап кеткен. Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 1991-жылы туулган Б.В. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Жазык кодексиндеги 200-беренесинин ("уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.
Ушул эле жаран өрт кырсыгын жасоого шектелүүдө.
"11-августта Раззаков көчөсүнүн 32-дарегинде жайгашкан балдар көркөм мектебинде өр чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке тийиштүү кызматтар барып маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүшкөн .Ошондой эле өрт кырсыгы Биринчи Май райондук ИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, өрт кырсыгынын келип чыгуу жана ким тарабынан жасалгандыгы издөөгө алынган.
Азыркы учурда бул жаран эки кылмышка шектелип, Ленин райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурат", - деп айтылат маалыматта.